Биз социалдык тармакта

Ататүрктүн аймагындагы объекттерди алуу иштери башталды (сүрөт) 

Бишкектеги "Ататүрк" сейил багынын аймагындагы объекттерди алуу иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда муниципалитет билдирди.

Кабарга ылайык, Малдыбаев көчөсүндөгү узундугу 86 метр болгон тосмо демонтаждалууда. Мындан тышкары 14 метр узундуктагы чатыр алынат. Жашоочулар №104/1 дарегиндеги 4 кабаттуу үйдүн айланасындагы тосмону өз ыктыяры менен демонтаждоо иштерин башташты.

"Бул тосмо муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган. Башкармалык аталган мыйзам бузууну жоюу иштерин баштады.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтары сотко 41 доо арыз менен кайрылышкан", - деп айтышты мэриядан.

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан уруксат берилбеген курулуштарды аныктоо боюнча рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-05-28 19:54:00
Негизинен жашап күн көрүп келе жаткан адамдардын үйүн талкалап аларды кууп чыепаш керек. Ошол убакта үйлөрдү курууга уруксат берген шаардык кеңештин, мэр кызматкерлердиг жоопкерчилигин караш керек. Карапайым элдин үйүн талкалаган абийирге жатпайт. Болбосо 2005 жылдагы шаардын четинде канчалаган жерлер мыйзамсыз захват болгон. Аларды эмнеге иретке келтирбейсиңер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан