Бүгүн, 28-майда биринчи айым Айгүл Жапарова балдардын рак оорусу менен күрөшүүнүн натыйжалуу стратегиялары боюнча семинарга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалым болгондой, 2023-жылы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору фокустук өлкө катары тандалып, Global Initiative for Childhood Cancer - Балдардын онкологиясы боюнча глобалдык демилге эл аралык программасына кирген. Бул программа өлкөдөгү балдардын рак оорусун аныктоонун жана дарылоонун сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле кымбат эмес жана негизги дары-дармектердин, технологиялардын жеткиликтүүлүгү, онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүнө социалдык колдоо жакшырат.
2018-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Сен-Жуд балдар изилдөө ооруканасынын колдоосу менен балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык демилгени баштаган. Бул демилге балдардын рак оорусун дарылоо боюнча жогорку сапаттагы программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда өкмөттөргө жетекчилик жана техникалык жардам көрсөтүүнү көздөйт. Анын максаты 2030-жылга чейин бардык рак менен ооруган балдардын аман калуу көрсөткүчүн кеминде 60 пайызга жеткирүү.
Айгүл Жапарова бүгүн Кыргызстан Глобалдык демилгеге активдүү катышуу ниетин сыймыктануу менен жарыялай турганын ырастады.
«Биз балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн түшүнөбүз жана бул демилгенин амбициялуу максаттарына жетүүгө өз салымыбызды кошууга умтулабыз. Мамлекетибиз саламаттыкты сактоо системасын бекемдөө, балдардын онкологиялык ооруларын диагностикасын жана дарылоосун жакшыртуу, ошондой эле медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча кадамдарды жасап жатат. Андан тышкары биз башка өлкөлөр жана өнөктөштөр менен тажрыйба жана билим алмашуунун маанилүүлүгүн түшүнөбүз», - деп кошумчалады биринчи айым.
Жыйынтыгында Айгүл Жапарова Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна, Сен-Жуд балдар изилдөө ооруканасына жана бардык өнөктөштөргө колдоо жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.