Атасы ыраазы болуп. Чоң Чүй каналынын жанынан табылган кийимдердин ээси аныкталды

Бишкектин Биринчи май райондук милициясы Чоң Чүй каналынын жанынан табылган буюмдардын ээсин аныкташты. Бул жөнүндө бүгүн, 28-майда райондук милициядан билдиришти.

Белгилей кетсек, Чоң Чүй каналынын жанынан он жаштагы баланын кийимдери табылганы кабарланган. Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБинин тергөө тобу жана жетекчиликтин жооптуу адамы барышкан.

Милиция аймакты текшерип, бирок эч кимди тапкан эмес. Укук коргоо кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен топ чакырышкан. Куткаруучулар да эч кимди таба алган эмес. Буга байланыштуу милиция коомчулукка кайрылган болчу.

Иликтөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 28-майда жогорудагы буюмдар 2014-жылы туулган А.Д. аттуу мектеп окуучусуна таандык экени аныкталды. Ал 13-майда мектептердин биринде рюкзагын жоготуп алганы, анын ичинде кийим-кечеси болгондугу такталган.

Ошондой эле баланын атасы милиция кызматкерлерине оперативдүү жана ыкчам аракети үчүн ыраазычылык билдирди.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан