Пуэрто-Рикодогу пляжда чагылган түшүп, 3 бала жабыркады

Пуэрто-Рикодогу пляждардын биринде чагылган түшүп, үч бала жабыркады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышып, окуя түшүп калган видео менен бөлүшүүдө.

Жазылган маалыматка ылайык, алар жамгырга карабай Изабела шаарындагы пляжга барышкан. Учурда балдар ооруканалардын биринде дарыланууда. Алардын абалы өтө оор экендиги жазылат маалыматта.

Жээкте эс алып жаткан адамдар жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүшкөн. Жаракат алгандар 7 жаштан 12 жашка чейинки балдар болгону айтылды.

Эскертүү: Видео сезимтал адамдарга сунушталбайт.

28.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан