АКШда торнадонун кесепетинен кеминде 23 адам каза болду

Үч күндүк дем алыш күндөрү Америка Кошмо Штаттарынын борбордук жана түштүк бөлүгүндө күчтүү торнадолор болду. Анын кесепетинен Техас, Оклахома, Арканзас жана Кентукки штаттарында 23 адам каза болуп, жүздөгөн үйлөр жана ишканалар кыйрап, электр чубалгылары үзүлгөн. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал арада өлкөнүн чыгыш жээгинде бороон-чапкындар күтүлүп жаткандыктан түндүк-чыгышта 30 миллиондон ашык киши эвакуацияланары эскертилди.

Өлкө президенти Жо Байден каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, өзгөчө кырдаалдар боюнча федералдык агенттик келтирилген зыянды тактап жатканын билдирди.

Белгилүү болгондой, АКШнын борбордук бөлүгү эки айдан бери өлүмгө алып келген торнадолорду баштан кечирүүдө. Айова штатында өткөн аптада бороон-чапкындан кеминде беш киши набыт болуп, ондогон адамдар жарадар болгон. Ушул айдын башында Хьюстондо бороон сегиз адамдын өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан