Бүгүн, 29-май Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө күндүз +19…+24,
Талас жергесинде күндүз +17…+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында күндүз +23…+28,
Ысык-Көл аймагында күндүз +13…+18,
Нарында күндүз +14…+19.
Ал эми борбор калаа Бишкекте күндүз +21…+23 градус жылуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.