Улуттук курама команданын коргоочусу Тамирлан Козубеав Гонконг Премьер-Лигасында "Жылдын мыкты коргоочусу" сыйлыгын алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
"Истерн" футбол клубунун капитаны Козубаев аталган лиганын 2023-2024-жылдагы мыкты коргоочусу болуп табылган.
"Тамирлан өзүнүн сыйлыгын маркум атасынa арнады. Ал жакында Улуттук кураманын июндагы оюндарына болгон даярдыгына келип кошулат", - деп айтылат маалыматта.