Бишкекте чет өлкөнүн жараны өз мекендешин алдаганга шектелип кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 25-ноябрда милицияга чет өлкөнүн жараны арыз менен кайрылган. Арыз ээси өз мекендеши ишеничине кирип, 2020-2021-жылдары "акчасын сатылгандан кийин кайтарып берем" деген убадасы менен ар түрдүү товарларын алып, бирок кайтарбай жүргөнүн айткан. Натыйжада жабырлануучу 75 миң доллар зыян тарткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1994-жылы туулган чет өлкөнүн Х.Х. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киригизилген.

Милиция учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан