Бүгүн, 29-майда ырчы Бактыгүл Бадыеванын туулган күнү. Ал бул жылы 39 жашка толду. Ырчыны SUPER.KG порталы куттуктап байланышканда туулган күнү менен биринчи үй-бүлөсү, жакындары куттуктаганын айтып өттү.
"Мени эң алгачкылардан болуп түнкү 12де жолдошум 101 роза менен куттуктады. Мындай куттуктоо 12 жылдан бери уланып келет. Жолдошум менен кошо кыздарым да куттукташты. Алар чоңойгон сайын белектери да чоңоюуда. Бул жылы атайын дачага барып гүл терип келишиптир, аябай кубандым", - деди ырчы.
Ошондой эле ал жакын достору, санаалаштары Инстаграм баракчасы аркылуу куттуктап жатышканын айтты.
"Туулган күнүмдү белгилебейм деген күндө деле белгиленип кетет (күлүп). Анткени жакындарым куттуктап келишет. Бүгүнкү туулган күнүмдү жакшы кафелердин биринде өткөрөйүн деп жатам", - деп кошумчалады Бадыева.
"Сүйүү тамгасы", "Жүрөк тагы", "Энекем", "Кайдасың?" ырлары менен таанылган эстрада ырчысы Бактыгүл Бадыева 1985-жылы 29-майда Ошто төрөлүп, балалыгы Токмокто өткөн.
Ырчы актриса катары дагы "Кайып булак", "До+Фа" тасмаларында роль жараткан.
Бактыгүл Бадыева 2013-жылдын апрель айында жолдошу Алмаз Закировго турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда Ширин, Эркеле жана Дария аттуу кыздары бар.