"Байгеге батир, электромобиль жана iPhone'дор". Казакстандагы депутаттын тою көпчүлүктү кыжырдантты (видео)

Коңшу Казакстандын Мажилисинин мурдагы депутаты Максат Раманкуловдун юбилейлик тоюнун видеосу интернетке тарап, көпчүлүк мурдагы депутатка нааразы болду.

Юбилейлик той Алматыда өткөн. Интернет колдонуучулар бул тойду "Казакстандагы эң кымбат той" деп аташты. Тойдогу конокторго автоунаа, Астанадан батир жана iPhone смартфондору белекке берилген. Ошондой эле тойго Кайрат Нуртас, Раим, «Мираж» тобу жана башка артисттер келген. Андан сырткары айрым саясатчылар видеого түшүп калган.

Максат Раманкулов 2021-2023-жылдары Казакстан Мажилисинин депутаты болуп, 2023-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо да “Ак жол” партиясынын тизмеси боюнча депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлгөн.

Казакстандагы эң кымбат тойдун видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан