"Кош келдиң, кезектеги 18 жашым". Алып баруучу Назира Кадыева 41 жашка толду

Бүгүн, 29-майда туулган күн тоскондордун катарында алып баруучу Назира Кадыева дагы бар. Ал бул жылы 41 жашка толду. Кадыеванын туулган күнүн куттуктап достору, жакындары социалдык тармактан жылуу пикирлерин калтырышууда. Ал эми өзү Инстаграм баракчасында туулган күнү үй-бүлөсүнүн куттуктоосу менен башталганын бөлүшүп өттү.

"Кош келдиң, кезектеги 18 жашым. Туулган күн үй-бүлөмдүн каалоо-тилектери менен башталды", - деп жазган ал.

Назира Кадыева 1983-жылы Ысык-Көл облусунда жарык дүйнөгө келген. Ал радиолордун биринде ди-джей, телеканалдарда ток-шоу программаларынын алып баруучусу болуп иштеген. Ошондой эле ырчы катары бир нече ырдын аткаруучусу. Учурда тренер, коуч катары курстарды өтүп келет. Ал 2012-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан