Жогорку Кеңеш уран казууга уруксат берген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алды.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Жалпы 81 депутат каттоодон өтсө, алардын ичинен "макул" деп 69 депутат, "каршы" деп 3 депутат добуш берди. Дагы 9 депутат добуш берүүдөн баш тартты.

Бул мыйзам долбоору 2019-жылы кабыл алынган “Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамды жокко чыгаруу максатын көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан