Чүй облусунун Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу тарбия комплекс-лицейине кошумча корпус салынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуштан билдиришти.
Маалымдалгандай, курулуш-монтаждоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен 2019-жылы Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан башталган.
Ага ылайык, окуу корпустун негизги аянты 2655 чарчы метрди түзүп, эки блоктон турат. Бүгүнкү күнгө карата объекттин экинчи кабатынын дубалы тургузулуп башталды.