Бишкек шаарында курулуш тармагында иштеген 36 жаштагы Руслан Раимкулов изделүүдө. Бул тууралуу анын жакындары SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка таянсак, Раимкулов 1988-жылы 29-декарбда төрөлгөн. Ал Бишкек шаарында курулуш тармагында иштеген, акыркы жолу 18-майда байланышка чыккан.
"Бишкекте курулушта иштейт болчу. Акыркы жолу 18-майда иштеп жаткан жеринен байланышкан. Ошондо "телефонум өчүп жатат, үйгө барып чалам" деген. Ошол боюнча үйгө келген жок, милицияга кабарладык, ооруканалардан карадык, бирок таппай жатабыз", - деп билдирди анын эжеси.
Көргөн-билгендер болсо 0779 238 518 байланыш номерине билдирип коюуну өтүнүшөт.