1-июндан тарта оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мындай чектөө салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин киргизилет.
"Абанын күндүзгү температурасы +28 градустан жогору болгон учурда эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Мында максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат", - деп айтылат маалыматта.
Бирок бул чектөө айрым оор жүк ташыган унааларга колдонулбайт:
Министрлик киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын кошумчалады.