Түндүк Корея шар аркылуу Түштүк Кореяга таштандыларды жөнөттү

Түндүк Корея 150дөн ашык таштанды шарларын чек ара аркылуу Түштүк Кореяга жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, шарлар 28-май күнү кечинде чек арадан өтүп баштап, өлкөнүн ар кайсы жерлерине түшкөн. Учуп келген шарлардын ичинде ар кандай таштандылар, даарат кагазы, желим бөтөлкөлөр, батарейкалар, бут кийимдер, жадакалса кык дагы болгон.

"Түндүк Кореянын бул аракеттери ачыктан-ачык эл аралык мыйзамдарды бузуп, биздин элдин коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет", - деп айтылат Түштүк Кореянын биргелешкен штаб башчыларынын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 26-майда Түндүк Корея Түштүк Корея бир нече жылдан бери коңшуларына Түндүк Кореянын режимине каршы үгүт материалдары менен шарларды жөнөтүп келгенин, буга жооп болорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан