
16-июндан тарта Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча ATR 72-600 учагы менен каттамдар аткарылып баштайт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта Ташкенттен Ысык-Көлгө учууга эки саат убакыт кетери айтылат.
Каттам жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылмакчы. Келечекте алардын санын көбөйтүү пландалууда.
Эске салсак, 2023-жылдын 5-августунда «Silk Avia» авиакомпаниясы биринчи жолу 56 жүргүнчү менен техникалык каттам аткарып, учак салтанаттуу түрдө суу аркасы менен тосуп алынган.