2013-жылдын эң кымбат ырчы айымдары аныкталды

“Forbes” журналы жыл сайын дүйнөлүк шоу-бизнестин эң бай өкүлдөрүн аныктап келет. Аталган журнал салтты улай 2013-жылдагы гонорарды эң көп тапкан ырчы айымдардын рейтингин жарыялады. Кана эмесе, 10-орундан баштайлы...

10-орунду хип-хоп ырчысы Ники Минаж менен Мэрайя Керри ээледи. Экөө тең бул жылы 29 миллион доллардан киреше табышкан.

9-орун. "Forbes" журналынын аналитиктери бул орунга кантри стилинде ырдаган Кэрри Андервудду отургузушту. Бул айым болсо 31 миллион долларды капчыгына салган.

8-орун. Узакка созулган тыныгуудан чыккан Pink аттуу ырчы айым былтыркы жылы жаңы альбом жаздырып кайра популярдуулукка жетти. Хитке айланган жаңы ырлары менен гастролдорго чыгып, жалпысынан 32 миллион доллар чогултту.

7-орунду бул жылы 39 миллион доллар иштеп тапкан Кэти Перри ээледи. 

6-орун бул жылы банктагы эсебин 43 миллион долларга толуктаган ырчы Рианнага буйруду.

5-орун. Элге бир гана ырчы эмес, актриса, бийчи жана дизайнер катары белгилүү болгон Женнифер Лопес 2013-жылы өзүнүн ар тараптуу таланты менен 45 миллион доллар тапкан.

4-орун. Бейонсенин ырдаганына жана бийлегенине суктанбаган киши жок болсо керек. 2013-жылы популярдуу бизнес-леди 53 миллион доллар иштеген.

3-орун. "Forbes" журналынан коло медалга ээ болгон Тейлор Свифт бул жылы 55 миллион доллар киреше тапкан.

2-орун. Үч жылдан бери бул рейтингдин алдынкы орундарынан түшпөгөн 21-кылымдын эң өзгөчөлөнгөн ырчы айымы Леди Гага 80 миллион таап, банктагы эсебин толуктаган.

1-орун. "Forbes"  журналынын аналитиктери “2013-жылдын эң бай ырчы айымы” наамын  Мадоннага беришти. Маалыматка ылайык, ырчы дүйнөлүк гастролдорунан көп каражат чогулткан. Мындан сырткары анын кирешесине "Material Girl" кийимдер брендинен жана "Truth or Dare" парфюмериялык коллекциясынан түшкөн каражаттар да кошулган. Жыйынтыгында ырчы айым бир жыл ичинде 125 миллион доллар иштеп таап, 1-орунду камсыздаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
admin_superstan
2013-12-23 18:29:10
Ali.Ht, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган.
Эскертүү!
0
Aylin.91kg
2013-12-23 18:42:26
M.m.m azamatsynar!
0
nookat_citi
2013-12-23 22:29:05
урматуу супер инфо сиздердин аидиое болугуно кантип оз ырымды киргизсем болот сиздерге беруу керекпи кабарын айтып койунуздарчы

0
admin_superstan
2013-12-24 09:22:29
nookat_citi, төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007&view=findpost&p=667405
0
Leanor
2013-12-24 00:20:01
ошондо Мадоннанын кирешеси канча болду?...
0
aygesha
2013-12-24 15:54:14
Leanor, Аны озу билет болуш керек
0
Нургазы Аматов
2013-12-24 22:32:43
Leanor, Мадоннанын кирешеси 125 миллион доллар болду
0
Leo_timka_93
2014-01-03 03:17:15
А биздин жылдыздарыбыздын кирешеси кандай болду экен 2013-жылда ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан