Масалиев Адахан Мадумаровду парламенттин делегациясынан чыгарууга каршы болду (видео

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жогорку Кеңештин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору сунушталды. Анда ыйгарым укугу токтогон депутаттарды комиссиянын курамынан чыгаруу каралган.

Депутат Исхак Масалиев токтомдо Адахан Мадумаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын делегациясынан, саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылып жатканы тууралуу айтты.

"Эмне себептен чыгарып жатасыңар? Ал депутаттык макамын жогото элек. Учурда ал дагы деле Жогорку Кеңештин депутаты. Же арыз бердиби?" - деди ал.

Баяндамачы депутат Элдар Сулайманов аталган токтом долбоорун тармактык комитет БШКнын документтерине таянып караганын билдирди.

Масалиев Мадумаровдун соту бүтө электигин эске салып, шашпай турууну айтты. Жыйынтыгында токтом долбоору комитеттин кароосуна кайра кайтарылып алынды.

Эске салсак, БШК 26-апрелдеги жыйынында парламент депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

26-мартта Биринчи май райондук сотунда ага карата өкүм чыккан. Чечимге ылайык, ал коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес.

Мадумаров 29-апрелде Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна, депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы Бишкектин Административдик сотуна апелляциялык арыз берген.

Сот анын апелляциялык арызын артка кайтарган жана мындай чечим арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кабыл алынганын белгилеген.

Жогорку Кеңеш 29.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан