Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө

Турнирдин ачылыш аземине Ош мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти Улукбек Өмүрзаков, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөлөөт Абакиров катышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, турнирге өлкөнүн бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан 7 эркек жана 7 аял - 14 салмактык категория боюнча 200дөн ашык спортчу катышууда.

"Кубоктун жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор, баалуу сыйлыктар жана кубоктор менен сыйланат. Аталган турнирде жогорку чеберчиликти көрсөткөн спортчуларга спорт чебери наамы ыйгарылат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан