Биз социалдык тармакта

Бир айда 5 миңден ашык адам пенсияга чыкты

Социалдык фонд ушул жылдын төрт айында (январь-апрель) 23 928 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтында жайгашты.

Билдирмеге ылайык, апрель айында 5514 жаран пенсияга чыккан.

Ал эми эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1282 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинген.

Белгилей кетсек, 22-майда президент Садыр Жапаров 1-октябрдан тарта пенсиянын көлөмү көбөйөрүн айткан. Айтымында, пенсиянын көлөмү 6800 сомдон кем болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан