Испания, Ирландия жана Норвегия Палестинаны көз карандысыз өлкө катары тааныды

Испаниянын бийлиги Палестинаны көз карандысыз өлкө катары кабыл ала тургандыгын королдуктун тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес билдирди. Маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай ушундай эле чечимди Норвегия бийлиги кабыл алып, күчүнө киргендигин тышкы иштер башкармалыгынын башчысы Эспена Барта Эйде айткан. Ага улай эле Ирландия да өз билдирүүсү менен Палестинаны көз карандысыз мамлекет деп тааныган.

“Мындай чечим чыккан соң 22-майда Израиль Норвегия жана Ирландиядагы өз элчилерин чакыртып алган. Учурда Ирландия бийлиги Словения, Бельгия жана Мальта менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, - деп кошумчаланган маалыматта.

Маалымат үчүн: 22-майда Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү болгон 146 мамлекет Палестинаны көз карандысыз өлкө деп кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан