Кечээ, 28-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Баткен жергесинде чек арачыларга бир катар объектилер тапшырылды.
Анда УКМК башчысы 2022 аскер бөлүгүнө курулган жаңы штаб жана казарманы ачып, түзүлгөн шарттары менен таанышып чыкты.
Анын алкагында УКМКнын төрагасы чек ара кызматында иштеген кызматкерлерден маянасы, жашоо шарттары тууралуу да сурады.
"Эки бөлмөлүү батирде үч балам менен турам. Бири бала бакчага, экөө мектепке барышат. Балдарды эки нөөмөт менен автобус ташып жатат. Айлык акы жакшы. 75 миң сом алам" деди чек арачылардын бири.
Ошондой эле Камчыбек Ташиев Чек ара кызматынын ”Бөрү” атайын багыттагы отрядына курулган аскер бөлүгүнө барып, ачылуу аземине да катышты.