Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Асилбек Худаяров менен жолугушуу өткөрдү. Министрлик жолугушуу 29-майда Женевада өткөн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында орун алганын билдирди.Бейшеналиев Кыргызстан менен Өзбекстандын бул багыттар боюнча жемиштүү кызматташтыгын белгилеп, аны тажрыйба алмашуу аркылуу кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Министр кесиптешин 26-27-июнда Бишкекте өтө турган Саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция тартуу боюнча эл аралык форумга катышууга чакырды. Анда саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция тартуу жана бул жаатта кызматташуу маселелери талкууланат.