Биз социалдык тармакта

30-майга карата аба ырайы

Эртең, 30-майда күндүзү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында көрсөтүлөт.

Ал эми Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21.

Бишкек шаары түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан