Биз социалдык тармакта

Сеул шаарында "Бейиш эненин таманында" тасмасы көрсөтүлдү

Түштүк Кореянын Сеул шаарында "Бейиш эненин таманында" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыздын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Тасма 26-майда көрсөтүлүп, иш-чараны Кыргызстандын Кореядагы элчилиги Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракесине карата уюштурган. Ага Кореяда аккредитацияланган Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасынын активдүү мүчөлөрү катышкан.
Белгилей кетсек, "Бейиш эненин таманында" тасмасын режиссёр Руслан Акун тарткан. Аталган фильм Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Арабиясында тартылган. Тасманын башкы каарманы Адилдин образын актёр Эмил Эсеналиев, Райхан апанын ролун Анаркүл Назаркулова ойногон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан