Алып баруучу Максат Довранов жубайы Алтынай Манасбекова менен гендер-пати өткөрүшүп, күтүп жаткан наристеси кыз экенин билишти. Жагымдуу жаңылыгын түгөйлөр Инстаграм баракчасына видео аркылуу бөлүштү.
"Башкысы аман-эсен төрөлсүн. Сени чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп жазган Довранов.
Социалдык тармакта түгөйлөрдүн жакындары жана күйөрмандары аруу тилектерин жазышууда.
Айта кетсек, Максат Довранов менен сүйүктүүсү Алтынай өткөн жылдын жай мезгилинде баш кошушкан.