
Эмгек министри
Гүлнара Баатырова БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Азия жана Тынч океандык регионалдык директорунун орун басары
Самир Ванмали жана БУУ ДАТПнын Кыргызстандагы өкүлү
Кожиро Накай менен жолугушту.
Министрликтен жолугушуу бүгүн, 29-майда орун алганын билдиришти.
"Министрлик дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) менен кызматташтыкта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү "Жумуш ордуна азык-түлүк" жана "Жумуш ордуна накталай акча" долбоорлору аркылуу колдойт.
2022-2024-жылдын 27-апрелине карата дээрлик 42 миң үй-бүлө же 217 миңден ашык адам жолдорду, ирригациялык арыктарды калыбына келтирүү жана алардын жамааттарынын инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлоруна катышканы үчүн өсүмдүк майы жана ун алышкан. Дагы 9 миң үй-бүлөгө жумушка же окууга накталай акча, жалпысынан 100 миллион сомдон ашык акча берилди.
Социалдык контракт эң эффективдүү долбоорлордун бири болду. Бул долбоор быйыл 23 миң аярлуу үй-бүлөнү камтыйт", - деди Баатырова.
Министр ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн "социалдык паспорт" электрондук маалымат базасын модернизациялоо, социалдык контракт түзгөн жарандардын ишмердүүлүгүн коштоону сунуштады. Мындан тышкары иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууну биргелешип улантууну сунуш кылды.