"Эми ишке киришүүнү суранам". Жапаров жетекчилер менен жыйын өткөрдү

Бүгүн, 29-майда Кыргызстандын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу маселесин талкуулаган жыйын болуп өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты.

Анда Жапаров: “Бүгүн биз алдыда аткарыла турган көп иштердин босогосунда турабыз – 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну баштап жатабыз. Бул программанын алкагында алдыдагы 6 жылда биз кайсы жакка кантип бара турганыбызды аныктайбыз”, - деп билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн акыркы 3 жылдагы негизги социалдык-экономикалык жетишкендиктери талкууланып, 2030-жылга чейинки негизги максаттар жана милдеттер белгиленди.

Отурумдун соңунда Жапаров өлкөнүн бардык министрликтерине жана ведомстволоруна, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө мамлекетти 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маанилүү тапшырмаларды берди.

“Урматтуу кесиптештер, максат жана милдеттер так, артыкчылыктар аныкталды, эми ишке киришүүнү суранам”, - деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан