Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районуна сейил бак курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ал үчүн Мамкурулуш агенттигинин Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы эскиздик долбоор даярдоодо.
Долбоордо Кашка-Суу кичи районун түндүк жагына 1 гектардан ашык жерге эс алуу багы заман талабына ылайык жасалат. Анда отургучтар, жарыктандыруу орнотулат.