UFC уюмунун чемпиону Ислам Махачев легендарлуу мушкер Хабиб Нурмагомедов кийинки турнирге катышарын билдирди.
Жеңил салмактагы UFC чемпиону титулун америкалык Дастин Порьеге каршы 1-июнда коргойт. Махачевдин жанында Хабиб Нурмагомедов да болот.
"Бүркүт Жерсиге конду, ал менин бурчумда болот. Чынын айтсам, мен абдан кубанычтамын, анткени ал экинчи машыктыруучу, бир тууган жана дос катары эң мыктылардын бири", - деген Махачев UFC уюмунун басма сөз кызматына.
Белгилей кетсек, 35 жаштагы Хабиб Нурмагомедов 2021-жылы карьерасы бүткөнүн жарыялаган.