Армения өлкөдө Орусиянын Биринчи каналын көрсөтүүнү токтотту

Орусиянын Биринчи каналынын Армениянын аймагындагы көрсөтүүсү токтотулду. Бул тууралуу Армениянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Республиканын жогорку технологиялык өнөр жай министри Мхитар Айрапетяндын айтымында, Биринчи каналдын эки жарым айдан бери карызы топтолгон жана келишим боюнча милдеттенмесин аткарган эмес.

"Орусиялык каналдын коомдук мультиплексте көрсөтүүсү карыз толугу менен жабылмайынча убактылуу токтотулду", - деген ал.

7-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эгер алар Еревандын талаптарын четке какса, өлкөдөгү орус каналдарын өчүрө турганын айткан. Анын айтымында, өлкөнүн ички саясатына урмат-сый менен мамиле кылбоо телеканалдарга тыюу салууга алып келет.

2023-жылдын декабрында Армениянын Жогорку технологиялык өнөр жай министрлиги орус телеканалдардын өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө боюнча келишимди бузуусун талкуулоо өтүнүчү менен орус тарапка расмий кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан