Биз социалдык тармакта

"Орун жок!" Депутат бейтаптарга ооруканага жатуу оор болуп жатканын айтты

Кыргызстанда бейтаптарга ооруканага барып жатуу оор болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров парламент жыйынында айтты.

"Өткөн жумада өзүмдүн туугандарымдан ооруканага барып калышыптыр. Андан дагы айылдан кишилер жазышты. Эмнегедир азыр ооруканага барып жатуу бейтаптарга маселе болуп калыптыр. Биринчисинде, дарыгерлер "орун жок" деп эле жооп берип койсо, экинчисинде, "УЗИ, рентген баарынан өтүп кел, анан жаткырабыз" дептир. Ооруган адам анын баарын кылып келгенге алы келбептир.

Ошондуктан текшерип чыгыш керек окшойт. Чын эле орун жокпу, же кайсы бир ооруканаларда УЗИ, рентген жокпу. Ооругандарга мамилени өзгөртүш керек го", - деди ал.

Эльдар Абакиров бейтаптарга ооруканага жатуу оор болуп жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан