Стамбул–Ош аба каттамын жандантуу Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Стамбул–Ош аба каттамын жандантуу керек. Маселени бүгүн, 30-майда парламентте эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков көтөрдү.

“Стамбулдан түз Ошко учкан аба каттамдарды жокко чыгарып коюшкан. Европадан, Таиланддан, Индиядан келген же эс алууга барган жарандарыбыз кыйналып жатышат.

Бишкекке учуп келип, андан Ошко учуу кымбат болууда. Стамбул-Ош каттамын жандантуу маанилүү маселе. Кошуна Өзбекстандын жарандары да Ош аба майданы аркылуу учушмак. Чечүү жолдорун караш керек”, - деди эл өкүлү.

Ош–Стамбул–Ош түз аба каттамы 2021-жылы ачылган. Ага чейин 8 жыл каттабай турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан