Президенттин Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты. Буга чейин аталган кызматты ээлеген Шайлообек Козубаев башка жумушка которулгандыгына байланыштуу кызматын тапшырган. Анын ордуна Курбанбек Айтибаев дайындалганын өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону айтылат.

Курбанбек Айтибаев буга чейин Араван жана Сокулук районунун акими кызматтарын аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан