Сокулук районундагы Манас айылында АРИС тарабынан башталган суу түтүктөрү толук бүтпөй, эл нааразы экендигин Жогорку Кеңештин жыйынында Нуржигит Кадырбеков айтты. Ал өткөн жылдын декабрь айына убадаланган иш дагы деле толук бүтпөй, жашоочулар аң-дөңдө, ылайга батып жаткандыгын белгилеп, агенттикке нааразычылыгын билдирди.
“Качан болсо АРИСке ушундай арыз-муңдар көп айтылат. Баштап коёт, ортосуна жетпей таштап коёт. Манас айылындагы көрүнүш бир эле мисал. АРИСтин ишин анализдеп чыгуу керек болуп калды. Эл тарабынан айтылган арыздар көп. Биз болсо АРИСке бул жактан карыз алып берип жатабыз. Ушулар кыйратат, ушулар кылып берет деп. Өкмөт мүчөлөрү атайын түзүлгөн агенттик деп ушуларга ишенип жатышат”, - деди ал.