Амстердамдагы "Схипхол" аэропортунда жүргүнчү учактын кыймылдаткычына кирип кетип каза болду.
Окуя шаршемби күнү түштөн кийин Embraer E190 учагы учууга даярданып жатканда болгон. Ал Даниянын Биллунд шаарына KL1341 рейсин аткарышы керек болчу.
Голландиялык NOS коомдук телерадиокомпаниясы жарыялаган кадрларга караганда, окуя терминалдын жанындагы платформада болгон.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдө учактын жанында өрт өчүрүүчү унааларды жана "Тез жардам" кызматкерлерин көрүүгө болот.
"Схипхол" дүйнөдөгү ири аэропорттордун бири. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында эле ал 5,5 миңге жакын жүргүнчүнү тейлеген.