Кыргызстанда мектеп окуучуларынын саны 2010-жылдан баштап 50-60 пайызга көбөйдү, ал эми мектептердин саны 6 пайыз гана өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Эльдар Абакиров билдирди. Анын айтымында, учурда мектептерде эки эсе көп бала окуп жатат.
"Кыргызстанда окуучулардын саны 2010-жылдан баштап 1 миллиондон 1,5 миллионго көбөйдү, 50-60 пайыз өсүү бар. Ал эми мектептердин саны 2200дөн 2400гө көбөйүптүр, болгону 6 пайыз гана өсүп жатат. Мен билим берүү министринен кайсы мектеп канча балага курулган, учурда канча бала окуп жатканы боюнча анализ сурагам. Ош шаарындагы Киров №4 мектеби 420 кишилик, ал жерде 3633 бала окуйт экен. Аэропорттун жанындагы Мрамор айылында 260 окуучулук мектепте 1300 бала окуп жатат. Мындай эки жарым эсе көп бала окуп жаткан мектептердин саны 700-800дөй экен. Кыргызстандын ар бир баласы биз үчүн маанилүү. Учурда мектептер депутаттардын, адамдардын, партиянын авторитетине жараша курулуп жатат. Биз кийинки жылдан баштап муктаждыкка, зонага жараша курсак. Менде ушундай сунуш бар", - деди Абакиров.
Ошондой эле эл өкүлү өлкөдө бала бакчага болгон муктаждык дагы бар экенин айтып өттү.
"Бизде бала бакча жетиштүүлүгү 24 пайыз, Казакстанда 95 пайыз, Өзбекстанда 70 пайыз булар акыркы он жылда ушундай ийгиликке жетишти. Биз эмнегедир жетишпей жатабыз. Эмне себептен десек, былтыр республикалык бюджеттен айлык акы камсыздалбайт деген пункт кирип калыптыр. Өткөндө биз Ноокенге, дагы бир эки жерге бардык эле, ал жерлерде бала бакчалар салыныптыр, бирок республикалык бюджеттен акча бөлүнбөгөндүктөн ачылбай жатыптыр. Республикалык бюджет 2024түн пунктун июлдан баштап өзгөртүр коёлу. "Мектеп салбаган өлкөлөр түрмө салат" деген макал бар, бул маселеге баарыбыз жапа киришели", - деди ал.