Орусиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк каза болду

Орусиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк каза болду. Бул туурасында бүгүн, 30-майда анын Инстаграмдагы расмий баракчасында маалымдалды.

"Бүгүн түнү узакка созулган катуу оорудан кийин биздин Настя көз жумду. Ар бириңиздерге ден соолук жана жакшылык тилегениңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Настя бул колдоолорду дайыма сезип, баалачу. Коштошуу орду жана убактысы тууралуу бүгүн кечинде кабарлайбыз", - деп жазды анын жакындары.

Актриса 53 жашта болчу. Ал көптөн бери мээ рагы менен күрөшүп жаткан. 2019-жылдын августунан тарта театралдык спектаклдерге катышпай калган.

Анастасия Заворотнюк “Моя прекрасная няня” (2004-2006) сериялынан кийин чоң популярдуулукка ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан