Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Ош облустар аралык балдардын кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасындагы рентген апаратынын чыкканына жарым кылымдан ашык убакыт болгондугун айтып, жаңы медициналык жабдык сатып алып берүү сунушун жыйында көтөрдү.
“Оптимизациянын негизинде бул ооруканада орундар кыскарып, кароосуз калган. Жетекчилери мурдагыдай 70 орунду калтырып, оорукананы стационарга өткөрүп берип жатышат. Мындан тышкары оорукана колдонуп жаткан рентген аппараты 1973-жылы чыккан. Балдар жана өсүпүрүмдөр арасында кургак учукка кабылгандардын саны өсүүдө. Жаңы рентген алып бериш керек. Саламаттыкты сактоо министрлигине протоколдук тапшырма берип, Алмас Ахунжанович, жообун айтып коёсуздар”, - деп аяктады сөзүн эл өкүлү.