Депутат: "Ноокатта эл таза сууну 7 чакырым аралыктан ташып ичип жатат"

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулу Ноокат районундагы жаңы конуштардын бириндеги таза суу маселесин көтөрдү.

“Ноокат районундагы Күңгөй-Хасана айылында скважина көйгөй болуп жатат. Ал жерде союз мезгилинде эки скважина бар болгон экен. Алар азыр иштебей, эл таза сууну 7 чакырым аралыктан таза суу ташып ичип жатат. Жаңы конуш болгонуна байланыштуу ал жерде калктын саны күндөн күнгө өсүүдө”, - деп билдирди депутат.

Мындан тышкары эл өкүлү Ноокат районундагы асфальт төшөө иштери боюнча да маселени көтөрдү. Анын айтымында, Жатан айылындагы 2 чакырым жолго асфальт төшөө иштери каралган. Негизи айылдын жолу өзү 5 чакырымдан турат. Учурда жолдун 2 чакырымын жасоого камданып жатканын, жергиликтүүлөр дагы 1,5 чакырым кошуп берүүнү өтүнүп жатканын айтты.

ЖК 30.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан