Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Министрлер кабинети жөнүндө” констутуциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Демилгечи катары сөз сүйлөгөн депутат Дастан Жумабеков документтин 13-жана 27-беренесине өзгөртүү кирип жаткандыгын белгиледи.
Анын айтымында, мыйзамга өзгөртүү күчүнө кирген соң Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларды Министрлер кабинети милдеттүү түрдө аткарууга тийиш жана эл өкүлдөрү көзөмөлгө ала алат.
“Өткөн жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары парламентке келип, комитеттин жыйынынан чыккан соң маек берип жатып депутаттар тарабынан берилген актылар сунуштама иретинде гана экендигин белгилеген. Эл өкүлдөрү ошондо чычалап чыкканбыз. Анткени азыркы мыйзам менен алганда Жогорку Кеңеш тарабынан чыккан актыларга көңүл бурбай деле койсо болот. Антыктан биз мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен көзөмөлгө ала алабыз”, - деп билдирди Жумабеков.
Ал эми эл өкүлү Исхак Масалиев президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү кандай ойдо экендигине кызыкты.
“Туура маселени көтөрүп чыккансыз. Бирок өкмөт башынан эле каршы болсо эртең "шефине" айтып каршы пикир жазат да. Өкмөт Жогорку Кеңештин көзөмөлүнөн артка качып жатат. Парламент алар каалаган чечимдерди колдоп берет, ал эми өкмөт мыйзамга дал келген кичинекей талапты аткарганга даяр эмес болууда. Колдойбуз, бирок аркы тарап кол коёбу же койбойбу? Президенттин, өкмөттүн ою кандай?”, - деди депутат.
Дастан Жумабеков Исхак Масалиевге Министрлер кабинети каршы экендигин айтты.
“Бул мыйзам долбоору боюнча Министрлер кабинети каршы пикирин берген. “Максатка ылайыксыз” деп атаган. Башкача айтканда, азыр эле чоочуркап жатышат”, - деген жообун узатты.
Жыйында “Министрлер кабинети жөнүндө” констутуциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушту биринчи окууда 75 депутат колдоп берди. Жалпы 78 эл өкүлү катталып, каршы добуш бергендер болгон жок.