Биз социалдык тармакта

"Сууга секирүүгө тыюу салынат". ӨКМ сунуштаган кеңештер

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жайкы эс алуу маалында балдардын коопсуздугу тууралуу кеңештер менен бөлүштү. Анда балдардын суудагы коопсуздугу жөнүндө ата-энелерге кеңештер айтылат.

Суу кырсыктарын алдын алуу

  • Тамактангандан кийин бир жарым сааттан соң сууга түшүүгө болот. Температурасы +16 градустан төмөн болсо, сууда сүзүү мүмкүн эмес.
  • Аба ырайы +25 градуска чейин ысык болсо, суунун температурасы +18 градуска жакындайт. Бул учурда сууда сүзүү 15 мүнөттөн ашпашы керек.
  • Көлмөлөрдө же көлдө атайын белгиленген, тосулган бөлүнгөн жерлерде гана сууга түшө аласыз.
  • Эгерде атайын белгилер жок болсо, сууга түшчү тилкелерди тандоого олуттуу мамиле кылыңыз. Балдар сууга түшчү тереңдик 70 сантиметрден жогору болбойт.
  • Суунун түбүнүн тазалыгын кылдаттык менен текшерип, балдардын сууга түшүүсүн дайыма көзөмөлдөп, санап туруу зарыл.


Негизги эрежелер:

  • атайын тосулган белгилерден алыс сүзүүгө болбойт, эгер белги коюлбаса, жээктен алыс сүзбөңүз;
  • кемелердин, кайыктардын, пароходдордун жанында сүзүүгө тыюу салынат;
  • тааныш эмес же тереңдиги тайыз болгон жерлерде сууга секирүүгө тыюу салынат;
  • дене ысып турганда же катуу ысыктан кийин муздак сууга чумкуганга болбойт, анткени бул жүрөктүн токтоп калышы же эсин жоготуу менен коштолот. Мындай абалга кабылбоо учүн денени көндүрүү, сууга чайынуу керек.
  • жээктерде чоң таштар, же темир-бетон плиталары бар суу сактагычтарда сүзүүгө болбойт, аларды мох басып, тайгак болуп калат. Өмүргө кооптуу болушу толук мүмкүн;
  • үйлөмө баллондор жана матрацтар жээктен алыс сүзүүгө ылайыкталган эмес;
  • эсиңизде болсун, сууда досторуңуз менен ойноого болбойт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан