Биз социалдык тармакта

Айдын акыркы күнүнө карата аба ырайы 

Эртең, 31-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22.

Бишкек шаарында түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан