Индиянын борборундагы ысык жаңы рекордду койду

Индиянын түндүгүндө, Делинин кээ бир райондорунда рекорддук жогорку температура катталып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бир күн мурда Индиянын борборунда абанын температурасы жаңы рекорд коюп, + 49,9 градуска жеткен, бул башка жылдардын ушул мезгилине карата нормадан тогуз градуска жогору.

Буга чейин Делиде катталган эң жогорку температура 2022-жылдын 15-16-майында байкалган. Анда шаарда абанын температурасы +49,2 градуска жеткен.

Ошондой эле Индиянын борбору ысыктан улам рекорддук жогорку электр энергиясын керектеп жатат. Анткени барган сайын тургундар кондиционерлерин көбүрөөк күйгүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан