Биз социалдык тармакта

Эртең Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Эртең, 31-майда Бишкектеги Ахунбаев көчөсү Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейин жабылат. Бул боюнча мэрия маалымат таратты.

Ага ылайык, Токтоналиев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Ошондой эле 2-июндан тарта Байтик Баатыр көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин жабылат. Ахунбаев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Ахунбаев көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо бир нече этап менен жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан