Биз социалдык тармакта

"Акылман" президенттик лицейине тандоо: 3-турга 854 талапкер өттү

"Акылман" президенттик лицейине 6-класстар үчүн өткөрүлгөн сынактын 3-туруна 854 талапкер өттү. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

III турдун офлайн тестирлөөсү 27-майда – Баткен, 28-майда – Ош, 29-майда – Жалал-Абад, 30-майда – Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы талапкерлер үчүн өткөрүлдү.

31-майда – Талас, 1-июнда – Нарын, 2-июнда – Ысык-Көл облусундагы талапкерлер үчүн III турдун офлайн тестирлөөсү өткөрүлөт. 6-июнда 5 мүчөдөн турган атайын кабыл алуу комиссиясы үчүнчү турдун жыйынтыгын аныктайт.

Эскерте кетсек, конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча алтынчы класстын окуучуларынын арасынан 72 окуучу “Акылман” президенттик лицейинин 7-классына кабыл алынып, эң жогорку балл алган 10 талапкер резервге алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан