31-майда кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Ош-Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышалыгына жөнөп кетет. Бул тууралуу муфтият кабарлады.
31-майдан 8-июнга чейин Ош – Медина жана Ош-Жидда багыттары боюнча 4018 жаран учат.
Ал эми Бишкек шаарынан алгачкы каттам 6-июнда башталып, 10-июнга чейин уланат. Жалпы 2042 жаран Бишкек – Медина, Бишкек – Жидда багыттары боюнча жөнөп кетишмекчи.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы 6060 жаран ажылык сапарга жолдомо алган.