Словения өкмөтү Палестинанын эгемендүүлүгүн тааныды. Чечимди эми парламент бекитиши керектигин Euronews жазды.
Словения өкмөтү Палестина мамлекетин бир нече күн мурда расмий түрдө тааныган Ирландия, Испания жана Норвегияга кошулуу чечимин кабыл алган.
Өкмөт үйүнүн жанында Палестинанын желеги көтөрүлдү.
Словениянын Министрлер кабинетинин башчысы Роберт Голоб парламентти өкмөттү колдоого чакырды. Депутаттар бул маселени келерки аптада эле талкуулашы мүмкүн.
Палестинаны азыр БУУга мүчө болгон 193 өлкөнүн ичинен 140тан ашыгы мамлекет катары тааныйт.