АКШнын Техас штатында катуу бороон болуп, ал аэропортто жүргүнчүлөрдү салганы жаткан American Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737-800 учагын жылдырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул учурда учакта жүргүнчүлөр болгон эмес. Окуядан кийин учакты атайын кызматкерлер кайра текшерүүдөн өткөрүшкөн.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу аэропорт 202 рейсти токтотуп, 500 рейсти кармаган. Техас штатында катуу бороон-чапкын жана бейсбол өлчөмүндөгү мөндүр болуп, бир адам каза болуп, 600 миңге жакын ишкана жана үй жарыксыз калды.